Ауэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулат

13.03.2026 | 12:01

Бишкек шаарынын Ауэзов көчөсүнүн жээгинде жайгашкан соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулат.

12-мартта Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев аталган жерге текшерүү менен барып, күркө ээлерине жана сатуучуларга объектилерди алууну эскерткен.

Мэриянын маалыматында, аталган даректеги 24 жер тилкеси 2017-жылы соода объектилерин жайгаштыруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Бирок кийин текшерүүнүн жыйынтыгында бул күркөлөр жашыл зонада жайгашканы аныкталган. Себеби бул аймак жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн каралган.

Мындан улам мэриянын комиссиясы аталган соода күркөлөрдү жайгаштыруу боюнча келишимдерди токтотуу чечимин кабыл алган.

Мэрия буга чейин, 28-февралда Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы күркө ээлерине объектилерди өз ыктыяры менен алуу тууралуу эскертүү бергенин билдирди. Талаптар аткарылбагандыктан, 11-мартта аталган соода түйүндөрү электр энергиясынан жана суудан ажыратылган.

“Ишкерлерге сооданы жүргүзүү үчүн «Чынар» жана «Аламедин » базарларынан альтернативдүү соода орундар сунушталган, бирок шаар тургундары бул сунуштан баш тартышкан. Эгерде талаптар аткарылбаса, мыйзамда каралган тартипте демонтаж жүргүзүлөт”,- деп маалымдады мэрия.

Scroll to Top