«Аялдар жолдо төрөп жатышат». Жайылда төрөт үйү бир айдан бери жабык

«Аялдар жолдо төрөп жатышат». Жайылда төрөт үйү бир айдан бери жабык

Жайыл райондук төрөт үйү бир айдан бери жабык турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева билдирди.

Анын айтымында, медициналык мекеменин оңдоо иштери аяктаса дагы ачылбай жатат.

«Аялдар Кант шаарына жете албай кыйналып, жолдо төрөп жатышат. Чоң райондо төрөткана жок болуп жатат. 6-май ачылат дешкен дагы эле ачыла элек. Оңдоо иштери деле жок экен», — дейт депутат.

Жылдыз Садырбаева төрөт үйүнө байланыштуу чырды эске салды.

«Ызы-чууга байланыштуу иштен кеткен медиктер кайра жумушка чыгууга даяр», — деди ал.

Чүйдө тогузунчу баласын төрөгөн аял көз жумду

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>