Чүйдө тогузунчу баласын төрөгөн аял көз жумду

Чүйдө тогузунчу баласын төрөгөн аял көз жумду

Жайыл райондук оорукананын төрөт бөлүмүндө 11-февраль күнү 36 жаштагы аял каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Раиса Асылбашеванын Reporter.kg’ге  билдирүүсүндө, аял 10-февраль күнү толгоосу башталып келген. Аны кабыл алууда экинчи деңгээлдеги анемиясы жана боюнда 40 апталык экендиги аныкталган.

“Ымыркайдын абалы жакшы. Аялдын тогузунчу төрөтү болчу. Азыр комиссия түзүлүп, иликтеп жатат. Сөөгү союлуп, экспертиза жүргүзүлүүдө”, — дейт Раиса Асылбашева.

Маркумдун күйөөсү Тынчтыкбек Өмүрзаковдун журналист Улукбек Карыбек уулуна берген маалыматында, төрөт үйүнө келгенде аялынын абалы туруктуу болуп, кош бойлуу кезинде дагы ден соолугунда көйгөй жаралган эмес.

“Кесарова жасагыла деп суранганбыз. Ага макул болбой эле аялымды кыйнап коюшту”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, Бишкектеги №2 төрөт үйүндө 15-январда 22 жаштагы келин көз жумган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>