Бишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалууда
Аялын уруш маалында атып салган. Чүй облусунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды
03.11.2025 | 09:52
Чүйдүн Москва районунда укук коргоо кызматкерлери аялын өлтүрүүгө шектелип жаткан эркекти кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

1-ноябрда Москва райондук милициясына Бала-Айылчы айылында аял киши өлтүрүлгөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ыкчам тергөө тобу чыгып, 63 жаштагы Э.С. мас абалында жубайы 46 жаштагы Ж.Н. менен урушуп жаткан учурда мергенчилик мылтык менен атып жибергенин аныкташкан. Аял алган жаракатынан улам ошол эле жерде каза болгон.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 63 жаштагы Э.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар