КР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар
Айдоочунун эсине! Төө-Ашууда кар жаап жатат
18.09.2025 | 10:22

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, учурда Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар майдалап жаап жатат.
Маалыматта айтылгандай, атайын жол тазалоочу техникалар жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.
Жолдор ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
Бул иштерди «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө ишканалары күнү-түнү жүргүзүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом