Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Айланма жолдо оодарылган жүк ташуучу унаанын айдоочусу табылды
07.10.2025 | 17:26

Социалдык тармактарда тараган Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айланып оодарылган видеосуна байланыштуу милиция түшүндүрмө берди.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын маалыматына ылайык, кырсык айланма жолдо 1-октябрда болгон. Текшерүү маалында жүк ташуучу унаанын тормоз системасы иштен чыккандыгы аныкталган.
Айдоочу башка унаалар менен кагылышпоого аракет кылып, каршы тилкеге чыгып бара жатканда унаа оодарылып кеткен. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Айдоочу менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, милиция айдоочуларга унаанын техникалык абалын текшерип чыгуу жана жол эрежелерин сактоо боюнча эскертүү берди.