Аймактарда өзгөчө кырдаалдарга байкоо жүргүзүүчү станциялар курулууда

Кыргызстандын Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Нарын облустарында гидрометеорологиялык посттор, мониторинг жүргүзүү станциялары жана өзгөчө кырдаалдарды эрте кабарлоо системалары курулууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абадда Кыргыз гидрометеорологиялык кызматынын 9 байкоо пунктунун курулушу аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турат. Ошто 5 байкоо пункту жана кызматтык үйлөрдүн курулушу соңуна чыгууда. Ал эми Чүй, Нарын облустарында 7 гидрологиялык посттун, кызматтык үйлөрдүн курулушу 80%га аяктады.
Бул долбоорлор Азия өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин натыйжасында ишке ашууда. Мындан улам өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов менен банктын өкүлдөрү жолугуп, жогоруда аталган курулуштардын жүрүшүн жана аяктоо мөөнөттөрүн талкуулашты.
Мындан тышкары жолугушууда Кыргыз гидрометеорологиялык кызматы үчүн өзгөчө кырдаалдардын түрүнө байкоо жүргүзүү жана алдын алуу жабдууларынын алынып келиши, аларды орнотуу маселелери каралды.