Айпери Токторбаева: Өзүмө өзүм тирекмин. Өзүңдү өзүң тандашың керек
Үч баланын энеси, өлкөгө алып келген зер буюмдарындай жаркыраган бизнестин ээси, ишкер Айпери Токторбаева ажырашууну, балдарын жалгыз тарбиялоону жана нөлдөн баштап иш баштоону баштан кечирген. Ал Reporter.kg басылмасына берген маегинде баарын кайрадан баштоого кантип күч тапканын, эмне үчүн айына эки ирет чет өлкөгө учканга кайыл экенин жана анын башкы мотивациясы эмне экендиги тууралуу ой бөлүштү.
Мурунку жашоо жана өзүңдү тандоо тууралуу
Айперинин артында эрте турмуш куруу жана жашоосун «мурун» жана «кийин» деп экиге бөлгөн оор ажырашуу тажрыйбасы бар. Ал кол шилтеп коюунун же өзгөлөрдүн андан күткөнүн актоого аракет кылуунун ордуна, өз тагдырынын сценарийин кайра жазууга кайрат тапкан.
«Мен 22 жашымда турмушка чыккам, 11 жыл никеде жашадым, 4 жылмурда ажырашкам. Кыйын болдудйесизби? Ооба, ажырашуу кичинекей өлүм сыяктуу. Бирок мен адам өзү үчүн гана керектигин түшүндүм. Эч ким эч нерсени даярдап бербейт. Мен өзүмө өзүм таянам. Өзгөрүүлөр так ушул чекиттен башталды. Мен өзүмдү тандадым. Мен жөн гана «күйөөсү, балдары бар» деген катардагы аял катары эмес, сапаттуу, бактылуу жашоодо жана өзүм үчүн жашагым келди», — дейт Айпери.

Ийгиликтүү бизнес: Идеядан жеке буйрутмаларга чейин
Зергерлик бизнес менен алектенүү идеясы дароо келген эмес. Кесиби боюнча бухгалтер Айпери өзүн ар тараптан сынап көрүп, акыры жакын курбусу жаңы ишке баш багып көрүүнү сунуштаган. Азыр ал массалык рыноктон качып, чет өлкөлөрдөгү эң мыкты өндүрүүчүлөрдү жеке өзү тандайт.
«Мен сапатка маани берем. Көпчүлүк Түркиянын алтынын алып келишет. Ал арзан, бирок мен аны эки метрден эле тааныйм. Менде баалар кымбат, бирок кардарларым сапатты жана өзгөчөлүктү баалашат. Кардарлардын эскиздери боюнча жасалган буйрутмалар абдан көп — адамдар кагазга тартып жиберишет, биз зергерлер менен аны ишке ашырабыз. Эң ири буйрутма 8 миң долларды түздү, ал үчүн атайын Бакуга учуп баргам», — дейт ишкер айым.
Аралыктан эне болуу жана бактылуу көр ирмемдер
Мектеп жашындагы 3 баласы жана бат-баттан учуп жүргөнүнө байланыштуу Айперинин графиги ар бир мүнөтүнө чейин так пландалган. Балдарына ата-энеси жардам берип, неберелерине каралашат. Бирок Айпери балдары менен болгон байланышы бир күн да үзүлбөйт.

«Биз 24/7 байланыштабыз. Алар мага үй тапшырмаларын, атүгүл жыйналган бөлмөлөрүнүн сүрөтүн жөнөтүшөт, ансыз акча алышпайт!»,-дейт ал.
Ооба, мен көп учурда үйдө болбойм, бирок чогуу болгондо убактыбызды дайыма бирге өткөрөбүз: эс алууга чыгабыз, кучакташабыз. Бул ажырашуу бизди ар бир көз ирмемди баалоого үйрөтөт. Жакында улуу кызымдын туулган күнүндө баарын Дубайга алып бардым. Ошондо ал: “Көбүнүн атасы бар, бирок сен жалгыз өзүң жасаган нерселерди алар жасай албайт” деди. Мен үчүн бул эң күчтүү мотивация. Ушундай сөздөр үчүн тоону да томкоруп салгың келет» — деди.
Негизги кеңеш: Коркпо жана өзүңдү сүй
Өз ишин баштоодон корккон аялдарга эмне кеңеш бересиз деген суроого Айпери жөнөкөй, бирок так жооп берет:
«Коркпогула. Коркунуч эч качан жоголбойт — жөн гана ишти баштоо жана ошол коркунуч менен кошо алдыга кадам таштоо керек. Эң негизгиси — аракет. Анан өзүңдү сүйүү. Бирок туура сүйүү: өзүңдү сыйлоо, угуу, баалоо. Башкалар эмне дегени маанилүү эмес. Жакшы болсоң да сүйлөшөт, жаман болсоң да сүйлөшөт. Өмүр бирөө эле, аны татыктуу жана бактылуу жашоо керек. Өзүңөрдү тандагыла».
Айперинин философиясы — бул жөн гана ийгиликтин тарыхы эмес. Бул эң чоң баалуулук жана тирек биздин ичибизде экенин, ал эми өзүн тандоодон коркпоо каалаган жашоого эшик ачарын эскертүү.
Маектешкен: Эльвира Сатыбекова