Айрым мал-жандык ооруларына каршы вакциналар мамлекет тарабынан бекер берилүүдө

09.04.2026 | 15:30

Учурда өлкө аймагында мал-жандыктарды ылаңдарга каршы алдын алуу жана эмдөө иштери жүрүүдө. Айыл чарба министрлиги айрым вакциналар мамлекет тарабынан акысыз берилет.

Акысыз вакциналар төмөнкү ылаңдарга каршы берилет:

  • Шарп;
  • Бруцеллез;
  • Кутурма;
  • Сибирь жарасы;
  • Кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдары.

Мындан тышкары, эхинококкозго каршы таблеткалар бекер берилет. Белгилей кетүүчү жагдай, биокаражаттар акысыз берилгени менен, эмдөө жүргүзгөн ветеринардын кызмат акысы мал ээси тарабынан төлөнөт.

Ал эми төмөнкү ооруларга каршы вакциналар жана каражаттар мал ээлеринин эсебинен сатып алынат:

  • Лептоспироз, пастереллез, нодулярдык дерматит, карасан (эмкар), брадзот;
  • Эчкилердин плевропневмониясы, жылкылардын ринопневмониясы;
  • Чочколордун кыргыны жана рожа;
  • Үй канаттуулары үчүн Ла-Сота, Чума Н, Марека вакциналары;
  • Иттердин чумкасына каршы каражаттар;
  • Жаныбарлардын эктопаразиттерине жана мите курттарына каршы препараттар.

Министрлик эмдөө иштери малдын саламаттыгын сактоо жана эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо максатында жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Scroll to Top