«Ажы оңолсо, эл оңолот». Аалымдар кеңеши Меккеден келип той өткөрбөөгө чакырды

«Ажы оңолсо, эл оңолот». Аалымдар кеңеши Меккеден келип той өткөрбөөгө чакырды

«Меккеге зыяраттан кайтып барып, ажы той өткөрүү — бул мактааныч», — деп Аалымдар кеңешинин жетекчиси Замир Ракиев Сауд Арабияда жүргөн кыргыз жарандары менен жолугушууда билдирди.

Ал зыяратчыларды ысырапкорчулукка жол бербөөгө, ажылыктан кийин текебер болбоого чакырды.

«Уулуңарга жылкыны даярдап, той берүүгө камынуу керектигин айтпагыла. Ушул жерге 4 мин доллар коротуп келдиңер, дагы 2 миңди ары-бери басканга кетирип жатасыңар. Ажыдан барып дагы чыгым кыласыңар. Той берүү — бул мактаныч. «Мени ажы деп айткыла» деген сөз болбойт.  Километрлеп килем салдырып, баспагыла. Ажыларыбыз оңолсо, калкыбыз оңолот. Ушул жерге келип ибадат кылгандан кийин ысырапкорчулукка жол бербейбиз деп сөз беребиз», — дейт Замир Ракиев.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстандын муфтийи ажы той өткөрбөөгө чакырган.

«Элге мактанба». Өзбекстандын муфтийи ажы той өткөрбөөгө чакырды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>