Азия чемпионаты: грек-рим күрөшү боюнча үч кыргызстандык балбан финалга чыкты

Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча үч кыргызстандык балбан финалга чыгышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Эми финалда алтын медаль үчүн Афтандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов күч сынашат.
Улан Муратбек уулу жарым финалдык таймашта жеңилип калып, коло медаль үчүн күрөшөт. Роман Ким чейрек финалда ирандык балбандан утулган, бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу коло байге үчүн таймашуу мүмкүнчүлүгүн алды.
Бүгүн, 7-апрелде, өтүүчү беттештердин тизмеси:
- 55 кг чейин (коло медаль үчүн): Улан Муратбек уулу — Мохаммад Панахисани (Иран);
- 63 кг чейин (финал): Афтандил Таалайбек уулу — Эрфан Жаркани (Иран);
- 77 кг чейин (финал): Акжол Махмудов — Али Забихолла Оску (Иран);
- 87 кг чейин (финал): Асан Жанышов — Голамреза Фарокхисенжани (Иран);
- 130 кг чейин (коло медаль үчүн): Роман Ким — Ким Минсок (Корея).
Азия чемпионаты 12-апрелге чейин өтөт. Мелдешке 350гө жакын балбан катышып, спорттун үч түрү боюнча 30 комплект медаль ойнотулат. Программага ылайык, 6–8-апрелде грек-рим күрөшү, 8–10-апрелде кыз-келиндер күрөшү, ал эми 10–12-апрелде эркин күрөш боюнча таймаштар өткөрүлөт.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамында грек-рим күрөшү боюнча 10, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 спортчу бар.