Азия чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты

20.04.2022 | 11:07

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты .

Жарым финалдык беттеште Жоламан казакстандык Ернар Фидахметов менен кез келди.

Жоламан Шаршенбеков 6:1 эсебинде жеңишке жетип, 60 килограмм салмакта финалга чыкты.

Scroll to Top