Азия Кубогу (U-23): Улуттук кураманын атаандаштары белгилүү болду

Сауд Арабиясында өтө турган Азия Кубогунда Кыргызстандын жаштар курама командасынын тайпадагы атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-октябрда АФКнын кеңсесинде 2026-жылкы U-23 Азия Кубогунун финалдык этабына чүчүкулак тартуу аземи өткөн. Натыйжада улуттук курама «А» тайпасында Сауд Арабиясы, Вьетнам жана Иордания менен ойной тургандыгы белгилүү болгон.
Азия биринчилиги 2026-жылдын 7-26 январь күндөрүндө Сауд Арабиясында өтөт. Ага жалпысынан 16 курама команда катышып, алар 4 тайпага бөлүнөт.
Эске салсак, улуттук жаштар курамасы башкы машыктыруучу Эдмар Ласерданын жетекчилиги алдында финалдык баскычка жолдомону сентябрь айында камсыздаган болчу. Аталган жаш курактагы Кыргызстандын курама командасы Азия биринчилигине тарыхта алгачкы жолу катышат.