Бүгүн сотто Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин иши боюнча прокурордун өтүнүчү каралат

Бүгүн сотто Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин иши боюнча прокурордун өтүнүчү каралат

Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасына байланыштуу прокурордун өтүнүчү каралат.

Учурда Сагымбаев соттук отурумга алып келинди. Бүгүн сот анын баш коргоо чарасына байланыштуу прокурордун өтүнүчүн угат.

27-сентябрда Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартып, 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырган.

Белгилей кетсек, Канат Сагымбаев 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынган. Ага адам өлтүрүүгө катышуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу жана Кой-Таштагы башаламандыкка катыштыгы бар деген айып коюлуп жатат.

Канат Сагымбаев Алмазбек Атамбаевди куттуктаганы үчүн 20-сентябрда УКМКнын 9-кызматынан иштен алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>