Бүгүн, 1-июндан тарта кайсы ишкерликтин түрлөрү жанданганын өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.
- Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;
- Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;
- Аудит жана консалтингдик компаниялар;
- Жарнама агенттиктери;
- Туристтик жана рекреациялык объекттер (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаалар менен саякаттоо шарты менен.
Ал эми 5-июндан тарта: 1. Бала бакчалар;
2. Билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) санитардык-гигиеналык ченемдерди жана окуучулар арасында аралыкты сактоо шарты менен).
8-июндан тарта:
- Ички аба каттамы («Бишкек-Ош»).
Төмөнкү багыттар боюнча чектөөлөр калтырылат:
— маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;
— көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);
— интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
— кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;
— соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу жайларынын (фуд-корттор) ишмердүүлүгү;
— балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү (анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан);
— автобус, кичи автобус менен шаарлар жана аймактар ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуу.