Баалуу балык түрлөрүн уулоого электрондук түрдө уруксат бериле баштады

1-апрелден тарта Балык өнөр жайы комплекси департаменти спорттук-ышкыбоздук балык уулоо үчүн лимиттерди «Электрондук балык уулоо системасына» киргизди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Бул система аркылуу дарыя османы, Амударыя жилингири жана Ысык-Көл жилингири сыяктуу балык түрлөрүн уулоого уруксат берилет. Балык уулоо карточкаларын алуу министрликтин https://rb.agro.gov.kg/ порталы жана MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу жүзөгө ашырылат.
Белгилей кетсек, 29-мартта Чүй облусунда 2026-жылкы балык уулоо сезонунун расмий ачылышы болуп, ага өкмөт башчы Адылбек Касымалиев катышкан.
Эске салсак, 2025-жылдын ноябрь айында Айыл чарба министрлиги «Электрондук балык уулоо билет» системасын ишке киргизген. Бул иш-чара билеттерди алуу процессин бир топ жеңилдетип, кызматты өлкөнүн бардык аймактарында жарандар үчүн жеткиликтүү кылат.