Баары үйлүү болот. Мамлекеттик ипотека кимдерге берилет? Канча батир курулууда?

Баары үйлүү болот. Мамлекеттик ипотека кимдерге берилет? Канча батир курулууда?

Негедир мурда мамлекеттик ипотека дегенде эч ишенчү эмес. МИК аркылуу үй алгандар да сейрек кездешчү. Кезекке тургандар да азыркыдай көп эмес эле. Себеби МИКтин иши мамлекет тарабынан азыркыдай колдоого алынган эмес. Анда ар ким өзү үй таап, мамлекеттик банктар МИКтин макулдугу менен каржылап берчү. Деги эле мамлекет толугу менен колго алып, карапайым эл үчүн турак жайды массалык түрдө куруп берүүсү Кыргызстандын тарыхында алгач ирет болуп жатат.

Массалык түрдө көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ал президенттике киришкен соң  башталган. Учурда өлкө боюнча  61 827 батирдин курулушу жүрүүдө.  Ал эми кезекте бүгүнкү күнгө карата 40 411 адам турат. Бул көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет катталып отурат.

Курулуш иштери 2030-жылга чейин бүтүп, кезектеги жарандарга ипотекалык негизде берилет.

Төмөндө аймактар боюнча курулуш иштери сандар менен көрсөтүлгөн:

• Бишкекте – 17 миң 415 батир;

• Чүйдө – 17 миң 610;

• Ысык-Көлдө – 5 миң 115;

• Нарында – 433;

• Таласта– 319;

• Ошто – 5 миң 899;

• Баткенде – 4 миң 272.

Ал эми Бишкек шаарындагы мурдагы 47-колониянын ордуна салынып жаткан “Мурас” турак жай комплексинде жалпысынан 39 блоктон турган көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалган. Курулуш 3 этап менен жүрөөрү белгилүү болгон.

Аталган комплексте үйлөр монолит технологиясын колдонуу менен курулууда. Бул курулуш жаатында бекемдиги менен айырмаланып, сейсмикалык жактан туруктуулугу жогору болуп эсептелет. Курулуштун сапаты тыкыр көзөмөлгө алынып, ал тургай президент Садыр Жапаров  Бишкек шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жарандарга берүү максатында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун жүрүшүн пландан тышкары текшерүүгө алган.

Жарандарды турак жайлуу кылуу президенттин башкы масаттарынын бири экени маалым. Бул тууралуу ал  «Кыргызстанда иш орундары жок, айлык аз. Чет өлкөгө барып көбүрөөк акча таап, үй-жайлуу бололу деген максат менен көп жарандарыбыз мигрант болуп кетти. Биз аларды кайтарабыз. Баарын турак-жайлуу кылабыз»,-деп айтканы бар.  Союз тарап элдин жашоо-турмушу оорлоп, ар ким алынын жетишинче акча табууга аракет кылып, көпчүлүк кыргызстандыктар сырт жака миграцияга чыгып кеткен.

Үйү жок адамдар миңдеп саналат, анын баарына кантип үй куруп бермек эле деген деген суроо жаралган. Көп узабай мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши жөнгө салынып, бир гана борбор калаага эле басым жасабай, өлкөнүн бардык региондорунда да көп кабаттуу үйлөр курулуп, ипотекалык турак-жай куруу иштери массалык түрдө башталды.

Буга чейин тааныш-билиш болуп келген кезек  системасы да санариптештирилип, карапайым калкка тегиз берилсин деген таризде жаңы онлайн системаны ишке кирди. Мында башкаруу системасы толук санариптешип, кезекте тургандар онлайн түрдө өз кезектерин карап турушат. Тактап айтканда, кезекти эч ким, эч кандай жол менен жылдыра албайт.

Ипотекалык компания буга чейин мамлекеттик кызматта иштегендерге гана жеткиликтүү болуп келсе, эми жеке жакта иштеген, миграцияда жүргөн жарандар дагы мамлекеттик ипотекалык негизде үй алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Мамлекеттик ипотекалык компания бүгүнкү күндө “Менин үйүм” турак жай программасы аркылуу жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу үчүн батирлерди үч багытта “Кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижара” механизми аркылуу 25 жылга, алгачкы төлөмсүз, жылдык 4-8 пайыз менен берүүдө:

Жеңилдетилген ипотека

• Баштапкы төлөмү жок

• 25 жылга чейин, жылдык 4% менен

• Бюджеттик мекемеде иштеген жарандарга

Социалдык ипотека

• Баштапкы төлөмү жок

• 25 жылга чейин, жылдык 4% менен

• Көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптуулугу бар жарандарга жана алардын камкорчуларына, айыл жеринде иштеген жаш адистерге жана жалгыз бой энелерге

Арзан ипотека

• Баштапкы төлөмү жок

• 25 жылга чейин, жылдык 8% менен

• Жеке чөйрөдө иштеген жарандар үчүн

Үлүштүк курулуш 

• 50% баштапкы төлөм талап кылынат

• 8% менен 15 жылга чейин берилет;

• Жеке жакта иштегендерге жана мигранттарга берилет.

Ошентип башында элге берилген убадалар ишке ашып, былтыртан тарта ипотекалык үйлөрдүн курулуштары четинен аяктап жарандарга тапшырыла баштады.

2024-жылдын кышында Маликов 91 дарегиндеги «Мурас» турак жайындагы 600гө чукул өз ээлерин тапса, 2025-жылдын апрелинде Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн 500 дөн ашык жарандар үйлүү болду. Арадан 1 жума өтпөй «Мурас» турак жайынан дагы 500гө жакын батир өз ээлерин тапты. Ал эми Жалал-Абаддагы «Асман Резиденс» турак жайы жакынкы аралыкта кезекте тургандарга тапшырылары маалым болду.

Ошентип кечээ гана  үй салып, жарандарына бергенге эмес, тышкы карыздан башы чыкпаган Кыргызстан бүгүн экономикасы өрчүп, өлкөнүн курулуш доорун башынан өткөрүүдө. 

Өмүр бою үйлүү болсом деп ак эткенден, так этип келген адамдар келечектен үмүт артып, мамлекет үй берет деген илгери үмүт менен жашай баштады. Ал эми кезеги келип үйлүү болгондор кубанганынан көздөрүнө жаш алып, бул күндү көп жылдар бою эңсеп күтүп келгенин айтып жатышат.

Кечээ гана тапшырылган «Мурас» турак жай комплексинен 1 бөлмөлүү батир алып, кубанычына батпай турган Малике апа 18 жылдан бери «Тазалык» муниципалдык ишканасында эшик шыпырып иштейт. Ал 18 жаштагы экинчи топтогу майып Нургүл аттуу кызын жалгыз карайт. Атайын социалдык квота менен 3 жылдай кезек күткөн айым “20 жылдан бери ар кайсы жакта батирлеп жүрүп чарчадык. Кыялым орундалды”,-деген.

Рубрики: МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>