Баатырова Гүлнара Маришовна саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
«Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет», — деп айтылат маалыматта.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда