БАЭ аймактагы абалдын курчушуна байланыштуу фондулук биржаларын жабууда

Бириккен Араб Эмираттары аймактагы абалдын курчушуна байланыштуу өлкөнүн негизги фондулук биржаларын соода жумалыгынын башында жапты. Бул тууралуу өлкөнүн капитал рыногун жөнгө салуучу башкармалыгы билдиргенин Associated Press агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Абу-Даби фондулук биржасы жана Дубай каржы рыногу 2-3-март күндөрү жабык болот. Ошондой эле Nasdaq Dubai рыногу да аталган эки күн ичинде соода жүргүзүүнү токтотконун жарыялаган.
Ошондой эле жекшемби күнү аймактагы эң ири фондулук рынок деп эсептелген Сауд биржасынын негизги индекси 2,2%га төмөндөгөн.
Расмий билдирүүдө мекеме аймактагы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп турары жана зарыл болгон учурда кошумча чараларды көрөрү айтылат. Абу-Даби жана Дубай аймактагы ири каржы борборлору жана дүйнөлүк деңгээлдеги суверендүү фонддор жайгашкан шаарлар болуп саналат.
28-февралда Израил менен Америка Кошмо Штаттары Тегеранга жана Ирандын башка аймактарына соккуларды жасап башташкан. Дональд Трамп операция Ирандын өзөктүк программасын жок кылуу максатын көздөй турганын билдирип, ирандык аскерлерди куралдарын таштоого чакырган.
Иран буга жооп катары Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы, анын ичинде Араб Эмираттарындагы АКШнын аскердик базаларына ракеталык соккуларды урууда.