БАЭдеги кыргыз бренди: Дубайда кыргызстандык ишкерлер суу чыгаруучу заводду негиздеди

05.02.2026 | 09:44

Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында кыргызстандык ишкерлер негиздеген “Epos Water Production LLC” ичүүчү суу чыгаруучу заводу иш алып барууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аталган өндүрүш ишканасына барды.

Минкабдын маалыматында, өкмөт башчы компаниянын ишмердүүлүгү, өндүрүш жайлары жана технологиялык линиялары менен таанышты. Ишкана бөтөлкөдөгү “Эпос” бренди астында ичүүчү сууну жана суусундуктарды чыгарууга адистешкен. Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 50 миң бөтөлкөгө чейин жетет.

Өндүрүш процесси көп баскычтуу суу тазалоочу системалар менен камсыздалган. Ишкана БАЭнин санитардык жана тамак-аш коопсуздугунун талаптарына жооп берет. Жолугушуунун жүрүшүндө сууну тазалоо жана ичүүчү суу өндүрүү тармагында технологияларды колдонуу, ошондой эле тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, аталган компания Кыргызстанда “Crystal” бренди менен суу чыгарган “НАК” ЖЧКсына таандык. Өкмөт башчы БАЭ сыяктуу рынокко кыргызстандык компаниянын кириши ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчү экенин белгиледи.

Scroll to Top