Байден Трамптын мигранттарга койгон чектөөлөрүн алып салууга убада берди

Байден Трамптын мигранттарга койгон чектөөлөрүн алып салууга убада берди

АКШнын жаңы администрациясы биринчи күндөн тарта президент Дональд Трамптын өлкөнүн түштүк чек арасындагы мигранттарга койгон чектөөлөрүн алып сала баштайт. Бул тууралуу жаңы шайланган президент Джо Байден билдиргенин «РИА Новости» жазды.

«Биз Трамптын чектөөлөрүн биринчи күндөн баштап артка кайтаруу үчүн максаттуу, дилгир жана жоопкерчиликтүү иштейбиз», — деди Байден журналисттерге.

Анын айтымында, АКШда башпаанек сурагандар менен пандемиянын шартында кризис жаратпастан, ыкчам иштөөгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү керек.

Трамптын администрациясы мигранттардын өлкөгө кирүү эрежелерин катаалдаштырып, ошондой эле Мексика менен болгон чек аранын көпчүлүгүнө дубал тургузуп, АКШга мыйзамсыз кирүүгө тоскоол болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>