Бакиевдер «Апрелчилерге» убадалаган фабриканы бүтпөсө, мамлекет жерди кайра алат

Бакиевдер «Апрелчилерге» убадалаган фабриканы бүтпөсө, мамлекет жерди кайра алат

«Апрель баатырлары» үчүн курулуп жаткан фабрикага бийлик жер гана бөлүп берип, алардын мурдагы президент Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүсүнө кийлигишкен эмес. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, азыркы бийлик «Апрель баатырлары» менен Бакиевдердин ортосунда ортомчу болгон эмес.

«Каза болгондордун жакындарынан түзүлгөн 217 адамдан турган уюмдун мүчөлөрү өз ара макулдашыптыр. Аларга бакиевдер фабрика куруп берүүнү убада кылгандан кийин, мамлекеттен жер сурап кайрылып, бөлдүрүп алышкан. Менин маалыматымда курулуш иши башталган. Эки тараптын ортосундагы убадалар ишке ашабы же жокпу, жарым жылдын ичинде эле билинип калат. Эгер бакиевдер фабриканы курбай, убадасын аткарбаса – анда  мамлекет жер тилкесин кайра алып коет», — дейт ал.

Дайырбек Орунбеков бийликтин Бакиевдерди реаблитациялоо жана өлкөгө алып келүү ою жоктугун айтат.

«Курманбек Бакиев боюнча мамлекет позициясын бир нече жолу билдирген, ал келсе токтоосуз камакка алынары айтылган.  Аны актоо аракети дагы жүрбөйт», — дейт ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>