Кыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктери
Бактыбек Калмаматов эки айга камакка алынды
24.12.2021 | 14:32
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматовду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган.
Ал 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда «Манас» эл аралык аэропортунан кармалган.
28-ноябрдагы парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат