Депутат күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кургак тамак-ашка бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштадыКөзөмөлдөө үчүн мектептердин окуу китептерине QR-коддор коюлушу мүмкүнКурултайлардан санариптик парламентке чейин — Наталья Никитенко КР ЖКнын трансформациясы тууралуу«Борбордук Азия – Корея Республикасы» саммитинин жыйынтыгында Сеул декларациясы кабыл алындыБюджет-2027: Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 28,25 млрд сом бөлүнөтКыргызстандагы алгачкы «Вкусно — и точка» «Россия» кинотеатрында ачылат
Бактыбек Калмаматов эки айга камакка алынды
24.12.2021 | 14:32
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматовду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган.
Ал 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда «Манас» эл аралык аэропортунан кармалган.
28-ноябрдагы парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат