Бакуда КРдин айыл чарба министри Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолукту

Баку шаарында Кыргызстандын айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алкагында өткөн.
Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары эки тараптуу мамилелерди стратегиялык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берген ишенимдүү диалогдун өзгөчө ролун белгилеген.
Өз кезегинде Ильхам Алиев Садыр Жапаровго жылуу саламын жеткирүүнү суранып, кыргыз-азербайжан мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жаткандыгына жогору баасын берген.
Жолугушууда инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Алгачкы долбоорлорун каржылай баштаган Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши талкууланган. Ильхам Алиев азербайжан тараптын Кыргызстанда Фонддун каражаттары менен ишке ашырылып жаткан келечектүү долбоорлорду мындан ары да колдоого даяр экенин билдирген.
Ошондой эле тараптар энергетика, транспорт жана логистика, өз ара инвестиция, билим берүү, гуманитардык алмашуу жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашкан.