Бакыт Төрөбаев «Агрокуш» канаттуулар комплексин кеңейтүү пландары менен таанышты

23.02.2026 | 10:23

Суу ресурстары министри Бакыт Төрөбаев Кемин районуна барды. Сапардын алкагында ведомство башчысы «Агрокуш» компаниясынын филиалынын ишмердүүлүгүн текшерип, жаңы өндүрүш комплексинин курулуш долбоорун изилдеди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

«Кемин» долбоору Кыргызстанда бройлер тармагын өнүктүрүү боюнча масштабдуу инвестициялык программанын экинчи этабы болуп саналат. Үстүбүздөгү жылы филиалдын базасында төмөнкүлөрдүн курулушун баштоо пландалууда:

  • канаттууларды өстүрүү үчүн эки жаңы аянтча (жалпысынан 480 миң бройлерге чейин батыра турган 24 канаттуулар короосу);
  • саатына 30 тонна продукция чыгаруучу заманбап курама жем заводу;
  • жылына 10 миллиондон ашык жөжө чыгаруучу инкубаторий;
  • 3,3 миң тонна канаттуулардын этин сактоочу тоңдургуч кампа.

Бул кубаттуулуктардын ишке кириши компанияга эт өндүрүүнү 29%га — жылына 15 миң тоннага чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, ал эми курама жем чыгаруу 28 миң тоннадан 115 миң тоннага чейин өсөт.

Объектти көрүү учурунда Бакыт Төрөбаев долбоордун аймак үчүн социалдык-экономикалык маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Өндүрүштү тоют менен камсыздоо үчүн ишкана жыл сайын жергиликтүү фермердик чарбалардан 78 миң тоннадан ашык жүгөрү жана буудай сатып алууну пландаштырууда. Бул Чүй облусунун аграрийлерин туруктуу өткөрүү базары менен камсыздайт жана айыл чарба секторундагы кирешелердин өсүшүн колдоого алат.

Белгиленгендей, долбоорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана республиканын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого мүмкүндүк берет. Сапардын соңунда мындай комплекстерди өнүктүрүү «талаадан даяр продукцияга чейинки» толук циклди түзөөрү, бул өлкөнүн агрардык секторун туруктуу өнүктүрүү стратегиясындагы артыкчылыктуу багыт экени белгиленди.

Scroll to Top