Бакыт Төрөбаев: Мал этине болгон баага күн сайын көзөмөл жүргүзүлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында социалдык маанилүү товарларга болгон баанын өсүшүн көзөмөлдөө маселеси боюнча жыйын өттү.
Отурумда эт, өсүмдүк майы, ун, картошка, сабиз, пияз жана башка негизги азык-түлүк товарларына болгон баанын туруксуздугу талкууланып, мал этине өзгөчө көңүл бурулду.
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Улуттук статистика комитетине Бишкек жана Ош шаарларында эттин баасына күн сайын мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгын президенттин администрациясына жеткирип туруу тапшырылды.
Ошондой эле, Салык кызматына импорттук азыктарга кошумча нарк салыгын азайтуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу, Улуттук банкка дыйкандарга жана малчыларга жеңилдетилген насыя берүү жолдорун иштеп чыгуу тапшырылды.
Бишкек мэриясына “Кыргыз Агрохолдинг” менен биргеликте муниципалдык азык-түлүк күркөлөрүн уюштуруу, бул ыкманы жети облуста да жайылтуу сунушталды.
Жыйындын жыйынтыгында Төрөбаев:
“Айдоо аянттарынын 88%ы элдин колунда, калктын 65%ы айыл чарба аркылуу киреше табат. Ошондуктан, баа саясатын туруктуу көзөмөлдөп туруу — өкмөттүн негизги милдети”, — деп белгиледи.
Социалдык маанидеги товарлардын тизмесине 50дөн ашык товар кирет. Бул тизме мамлекет тарабынан бааларды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен түзүлөт.