Бакыт Төрөбаев: нефтебазаларда күйүүчү-майлоочу майдын кору жетиштүү

21.11.2025 | 14:22

Бүгүнкү күндө республиканын бардык нефтебазаларында күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү кору бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйылкы күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүдө аткарылган иштер тууралуу берген маалыматында айтты.

Анын айтымында, Министрлер кабинети өлкөнүн нефтетрейдерлери менен биргеликте Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын жана Казакстандын мамлекеттик органдарынын жана мунай иштетүүчү заводдорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын натыйжасында Кыргызстанга мунай продуктулары жеткирилип жатат. 

“Өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо максатында аткарылып жаткан иштер тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан ар күнү көзөмөлдөнүп, абал турукташтырылып келет”,- деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстанда күйүүчү майдын кору бир айга жетери тууралуу маалымат тараган. Калк арасында күйүүчү майдын жетишсиздиги болушу мүмкүн деген кооптонуу күчөгөн. Кийинчерээк Бишкектеги айрым май куюучу жайларда күйүүчү майга чектөө киргизилип жатканы белгилүү болгон. Ал эми өкмөт бир канча өлкө менен күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.

Scroll to Top