«Бала береке» жөлөк пулу эгиз төрөлгөндө ар бир балага өзүнчө берилет

2025-жылдын январь айынан тартып күчүнө кире турган «Бала береке» жөлөк пулу эгиз төрөлгөн учурда ар бир балага өзүнчө төлөнөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Максат Туларбек кызы Биринчи радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, эгер үч баласы бар эне эгиз төрөсө, анда жаңы төрөлгөндөр төртүнчү жана бешинчи бала катары эсептелип, жөлөк пул ар бири үчүн өз-өзүнчө ыйгарылат.
«Мисалы, төртүнчү болуп төрөлгөн эгиздин бирине 100 миң сом, бешинчи балага 600 миң сом каралат. Эгер үч эм болсо, аларга да ушундай эле тартипте төлөнөт», — деди министрликтин өкүлү.
Маалыматка ылайык, төлөмдөр балдар 1 жашка чыкканда берилет. Эгер эне каза болуп калса, жөлөк пул бала атына депозиттик эсепке түшүп, ал 18 жашка толгондо гана берилет.
«Бала береке» программасынын максаты — тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган калктын жыргалчылыгын жакшыртуу жана төрөлүүнү стимулдаштыруу болуп саналат.