«Балага сүйүнчүнү» канча айдан кечиктирбей алып кетүү керек? Расмий жооп

«Балага сүйүнчүнү» канча айдан кечиктирбей алып кетүү керек? Расмий жооп

«Балага сүйүнчүнү» алуу үчүн ымыркай төрөлгөн күндөн тартып 6 ай ичинде арыз тапшырып, андан кийин акчаны 6 айдан кечиктирбей алып кетүү керек. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Министрлик белгилегендей, «балага сүйүнчүнү» алуу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же никени каттоо органдарына арыз менен кайрылуу зарыл. Арыз бала төрөлгөн күндөн тартып 6 ай ичинде тапшырылышы керек. Ошондой эле акчаны арыз калтырган күндөн тартып эсептегенде 6 айдан кечиктирбей алып кетүү кажет.

Сүйүнчүгө арыз тапшыруу үчүн паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү керек. Арызды толтуруп жатканда уюлдук телефондун номерин туура жазуу зарыл. Анткени акча которулгандан кийин жаран калтырган номерге банк аркылуу кабар жөнөтүлөт.

Министрликтин маалыматы боюнча быйыл 9 айда өлкөдө 96 миң 934 ымыркайга «сүйүнчү» берилди. Ага жалпы 388 млн 977 миң сом жумшалган.

Эскерте кетсек, «балага сүйүнчү» ар бир ымыркайга 4 миң сомдон берилет. Ал эми үч же андан көп бала төрөлгөндө, ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>