Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды
Баланы мектепке Tunduk тиркемеси аркылуу жаздырса болот
26.03.2025 | 16:35
Эми ата-энелер балдарын мектепке Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу жаздырса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Тиркеме аркылуу баланы мектепке каттоо процесси 2 этаптан турат.
1-этап 2025-жылдын 2-июнь айына чейин болот. Бул этапта ата-энелер балдарын өздөрү катталган даректеги мектепке жаздырыша алышат. Ал үчүн:
- Tunduk колдонмосун ачып, тизмеден баланы тандоо керек;
- Система көрсөткөн мектепти тандаңыз;
- Окуу тилин тандаңыз;
- Жеке маалыматтарды киргизиңиз (телефон номуру, электрондук почта);
- Мектепке жаздыруу баскычын басыңыз.
Маанилүү: сунушталган мектептер жакпаса, себебин билдирип, баш тартсаңыз болот. Бул учурда билдирме 2-этапка которулат.
2-этап 2025-жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин жүргүзүлөт. Бул этапта ата-энелер бош орундар калган мектепти тандап алышса болот. Ал үчүн:
- Жаздыруу үчүн баланы тандаңыз;
- Облус, район же шаарды көрсөтүңүз;
- Тизмеде бар мектепти тандаңыз;
- Окуу тилин тандап, “Мектепке жаздыруу” баскычын басыңыз.
Кошумча маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтынан алса болот: edu.gov.kg
Рубрики: Жаңылыктар, Коом