Баласын «отжимания» жасабаганы үчүн аёосуз сабаган кишиге сот өкүм чыгарды

Баласын «отжимания» жасабаганы үчүн аёосуз сабаган кишиге сот өкүм чыгарды

Жерден түртүлүү көнүгүүсүн (отжимания) жасабайсың деп баласын катуу сабаган Эмилбек Жунусов  сот тарабынан 2,5 жылга шарттуу кесилген. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыгышты.

Москва шаарынын Кузьминск райондук сотунун басма сөз кызматы Жунусовго карата өкүм үч жылдык сыноо мөөнөтү менен чыгарылган деп түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, ушул жылдын жаз мезгилинде кыргызстандык киши 6 жаштагы баласын «отжимания» жасабай койгондугу үчүн аёосуз сабаган видео социалдык тармактарда тараган. Видео пайда болгондон кийин, тергөө органдары Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин (денеге атайылап оор залал келтирүү) беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

ИИМ буга чейин жаш баланы сабаган адамдын тек-жайын тактаган. Ал  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Эмилбек Жунусов аттуу тургуну экендиги, 2019-жылдын октябрь айынан бери үй-бүлөсү менен Москва шаарында жашап келгендиги аныкталган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>