БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Балбан Алмаз Сманбеков Түркияда өткөн ири турнирде жеңишке жетти
28.02.2022 | 08:15
Кыргызстандык Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти.
27-февралда Стамбулда Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan’дын башкы турнири жыйынтыкталды. Алмаз Сманбеков 57 килограмм салмакта күч сынашты. Мелдештин алкагында ал Асылжан Есенгелди (Казакстан), Сабан Кызылташ, Мухаммет Каравус (экөө тең Түркия) жана Бека Бужиашвилини (Грузин) жеңип алды.
Мындан тышкары, кыргыз балбандар Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Исламбек Орозбеков (74 кг) жана Арсалан Будажапов (79 кг) коло медалдын ээси болушту.
Эске салсак, бул турнирде кыз-келиндер күрөшү боюнча да мелдештер өткөн. Кыргызстандык Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш тагынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт