«Манас» аркылуу өтүүчү жол: Бишкек мэриясы талашка түшкөн трасса кайсы жерден өтөрүн көрсөттү«Манас-Ордо» комплексин мастабдуу түрдө жаңылоо иши уланууда. Учурда кайсы иштер жасалдыСокулукта жаранды травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылган шектүү кармалдыКР автожолдорунда «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайтДастан Бекешев депутаттарга эмне үчүн малды башка бирөөнүн талаасына коё бербеш керектигин түшүндүрдү16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт
Балбан Бекзат Алмаз дүйнө чемпионатынын финалына жолдомо алды
15.09.2025 | 09:24

Эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, 57 кг салмак категориясындагы балбан Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатынын финалына жолдомо алды.
Жарым финалда кыргыз балбаны өзбекстандык атаандашын 8:0 эсебинде утуп, алтын үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Эми ал финалда Түндүк Корея спортчусу менен беттешет.
Белгилей кетсек, бул Кыргызстан үчүн тарыхый жетишкендик. Буга чейин кыргызстандык спортчулар чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыккан эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт