Жалпы республикалык тестке онлайн катталуу башталдыКыргызстан Индиянын аскердик-деңиздик машыгууларына катышуудаКазакстандагы конституциялык реформа: Парламенттин күчөтүлүшү, светтик статус жана салттуу баалуулуктарды бекемдөөБишкекте 77 жаштагы аял алдамчыларга 850 миң сом которгон. 22 жаштагы шектүү кармалдыАКШда мигранттар үчүн коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) алуу талаптары күчөтүлдүКыргызстан боюнча пайдалуу саякаттаңыз: MBANK MTravel сервисинде 10% кешбэк ишке киргизди
Балбан Раззак Бейшекеев дүйнө чемпиону болду
23.10.2024 | 09:00
Кыргызстандын грек-рим балбаны Раззак Бейшекеев жаштар арасында дүйнө чемпиону болду.
23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы дүйнө биринчилиги Албанияда өтүүдө. Ал 21-октябрда башталган, 27-октябрда жыйынтыкталат.
Раззак Бейшекеев 67 кг салмакта күч сынашты. Ал таймашты 1/16 финалдан баштап, катары менен 4 атаандашын утуп, финалга өткөн.
Ал эми алтын үчүн беттеште грузиялык Диего Чхиквадзе менен кез келди. Раззаков грузиялык балбанды 6:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болду.