Балдарды коргоо борборунан качып кеткен төрт өспүрүм кыз изделүүдө (сүрөт)

Балдарды коргоо борборунан качып кеткен төрт өспүрүм кыз изделүүдө (сүрөт)

Бишкек шаарындагы Балдарды коргоо борборунан качып кеткен 14, 15 жана 17 жаштардагы төрт кыз изделип жатат. Бул тууралуу шаардын Ленин райондук милициясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 14-мартта райондук милицияга С.Д. аттуу жаран кайрылып, 14 жаштагы Серофима Турдиева жана 17 жаштагы Аделина Кылычбекованы издөөгө жардам сураган. Анын айтымында, кыздар ошол эле күнү Астрахань көчөсүндөгү Балдарды коргоо борборунан качып кеткен бойдон дайынсыз болушууда.

15-март күнү райондук милицияга А.Э. атуу жаран кайрылып, 17 жаштагы Аруке Асамбаева жана 15 жаштагы Адия Кылычбекова аталган борбордон качып кеткен бойдон белгисиз болуп жатканын билдирген.

  • Серофима Турдиева, 2011-жылы туулган. Бою — 155-160 см, дене түзүлүшү — арык, чачы сары, мурду кырдач. Кийген кийими: саргыч боз (бежевый) кофта, кызгылт (розовый) шым, кроссовка.

  • Кылычбекова Аделина, 2008-жылы туулган. Бою — 150-155 см, дене түзүлүшү — орто, чачы кара, көзү кара-күрөң, мурду кырдач. Кийген кийими: боз кофта, кара шым, кроссовка.

  • Асамбаева Аруке, 2008-жылы туулган. Бою — 150-155 см, дене түзүлүшү — орто, чачы кара, көзү кара-күрөң, мурду кырдач. Кийген кийими: күрөң кофта, кара шым, ак кроссовка. Өзгөчө белгиси: үстүңкү эринин сол жагында калы бар.

  • Кылычбекова Адия, 2010-жылы туулган. Бою — 160-165 см, дене түзүлушү — арык, чачы кара, узун, көзү кара-күрөң, мурду кырдач. Кийген кийими: кара толстовка, көк джинсы шым, кара кроссовка.

Эгерде жогорудагы өспүрүм кыздардын жүргөн жери тууралуу маалыматыңыз бар болсо, төмөнкү номурлар аркылуу байланышыңыз: 0(312) 35 29 47, 0(312) 35 26 05, 0 705 307 703, 0 701 644 403.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>