Балдарга арналган Президенттин жаңы жылдык балатысы өттү — сүрөттөр

Балдарга арналган Президенттин жаңы жылдык балатысы өттү — сүрөттөр

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда, балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык иш-чарага катышты. Президенттик балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан балдар келди.

«Ата-бабаларыбыз бизге көп улуттуу ынтымак элибизди, ажайып кооз, татынакай жерибизди мураска калтырып кетти. Биз өлкөбүздү өнүктүрүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Убакыт абдан тез өтөт. Аз эле мезгилден кийин өлкөбүздүн жүгүн силер көтөрөсүңөр, мекенибиздин тагдыры силердин колуңарда болот. Ошол бийик максаттарга даяр болгула. Силерге биз абдан чоң үмүт артабыз», — деп белгилеп,  балдарга бекем ден соолук, чексиз бакыт, окууларына ийгиликтерди каалаган өлкө башчысы.

Ошондой эле президент балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды. Өз кезегинде балдар Мамлекет башчысына роботту тартуулашты.

Балдарга жаңы жылдык концерттик, театралдаштырылган программа көрсөтүлдү.

[su_image_carousel source=»media: 17022,17023,17024,17025,17026,17027,17028,17029,17030,17031,17032,17033,17034,17035,17036,17037,17038,17039,17040,17041,17042,17043,17044,17045,17046,17047,17048,17049,17050,17053,17054″ limit=»36″ slides_style=»photo» crop=»none»]

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн  Президенттин жаңы жылдык балатысына бардык облустардан мектеп курагындагы 1100 бала келди.

Алардын ичинде окуунун отличниктери, эл аралык сынактардын, олимпиадалардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>