12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулат
Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилди
19.03.2026 | 17:41

Мамлекеттик салык кызматы балдар тамак-ашы үчүн алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгы салына турганын жана алар акциздик марка менен маркалана тургандыгын билдирди.
Бул талап 2026-жылдын 1-январынан тарта Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы токтомунун негизинде киргизилген. Ал мамлекеттик каттоодон балдар тамак-ашы катары өткөн жана ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына кирген алкоголсуз суусундуктарга жайылтылат.
Эми аталган продукцияны акциздик маркасы жок өндүрүүгө жана өлкө аймагына импорттоого тыюу салынат.
Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында маркасы жок балдар тамак-ашынын калдыктарын сатуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-майына чейин белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика