Балдарын сабап, видеого тартып күйөөсүнө жиберген аял кармалды

Чүйдө өз балдарын сабаган 30 жаштагы аял уруп-сабап кыйноо фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Социалдык тармактарда 30-35 жаштагы аял эки баланы үйдүн ичинде сабап жаткан видео тараган.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” жана “Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, текшерүү иштери башталган.
Жыйынтыгында балдарын сабап жаткан аял М.А. аттуу 30 жаштагы Чүйдүн Сокулук айылынын тургуну экени, ал эми анын жолдошу 37 жаштагы Н.М. экени белгилүү болгон. Жабыркаган балдар: 9 жаштагы М.А., жана 7 жаштагы М.М. экени аныкталган. Алардын баары тергөө кызматына жеткирилген.
Милициянын маалыматында, окуя ушул жылдын 26-ноябрында болгон. Анда жогорудагы аял жолдошу менен үч айга жакын убакыттан бери урушуп жүргөндүктөн, ага өч алуу максатында балдарын сабаганы аныкталган.
Аял кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.