Балыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»
Кыргызстанда 2026-жылдын август айында узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор темир жол тилкесин пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу жергиликтүү радиостанциянын эфиринде «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Роман Спасский билдирди.
Ал эскерте кеткендей, республикада масштабдуу долбоор – Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу ишке ашырылууда.
«Бул Түндүк менен Түштүктү темир жолдор аркылуу байланыштыруу боюнча биздин стратегиялык долбоорубуздун этаптарынын бири. Иштер жүргүзүлгөн тилке саздак жерлер жана бийик топурак үймөлөрү (насыпь) аркылуу өтүп, бургулоо-жардыруу иштеринин чоң көлөмү аткарылды. Жалпысынан 100 жардыруу жүргүзүлүп, бир миллион кубометрге жакын тоо тектери ташылып чыгарылды. Келерки жылдын августуна чейин бул каттамды ачууну пландап жатабыз», – деп айтып берди Спасский.
Ал белгилегендей, бул тилкеде жолдун үстүнкү түзүлүшү – жер төшөмөсү дээрлик 98 пайызга аяктады, айрым бөлүктөрдө темир-бетон шпалдарды жана рельстерди төшөө иштери гана калды.
Мындан тышкары, Спасскийдин кошумчалашынча, жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да поезддерди (курамдарды) тейлей турган «Кочкор» станциясынын курулушу жүрүп жатат, ошондой эле заманбап вокзал курулат.