Балыкчы Шанхай, Гонконг сыяктуу шаарга айланат, — Акылбек Жапаров

Балыкчы Шанхай, Гонконг сыяктуу шаарга айланат, — Акылбек Жапаров

Балыкчы Шанхай, Гонконг сыяктуу өнүккөн шаарга айлана турган күн келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Орто-Токой суу сактагычындагы чакан ГЭСтин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземинде билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын рыногу «океан» сыяктуу.

«Кытай биздин өлкөнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири жана анын рыногу «океан» сыяктуу.  Балыкчы Шанхай, Гонконг сыяктуу өнүккөн шаарга айлана турган күн келет”, — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, ГЭСтин кубаттуулугу 21 МВт болот. Орто-Токой кичи ГЭСин куруу боюнча келишим кытайлык China National Machinery Industry Corporation (CHMC) менен «Чакан ГЭС» ААК ортосунда түзүлгөн.

Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭСтин курулушу башталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>