Балыкчы шаарында сууга чөгүп кеткен 16 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-июнь күнү Толкун пляжында 2006-жылы туулган Ч.А. атуу кыз сууга чөгүп кеткен. Жерине 7 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 19:20да жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.