Бишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстүБайыркы жазуудан мультфильмге чейин: КРда мамлекеттик тил программасы кеңейтилетОрточо айлык менен 10, 15 жана 20 миң долларлык унаага канча жыл акча топтоо керек
Ат-Башы: Мал издегени кеткен тургундун жансыз денеси табылды
28.06.2022 | 09:58
Ат-Башы районунда дайынсыз болуп жаткан жергиликтүу тургундун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-июнь күнү 1975-жылы туулган К. уулу Ш. аттуу эркек киши Казыбек айыл аймагынын Чет-Келтебек тилкесине мал издегени кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Жерине 5 куткаруучу, ИИМден 11 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, аталган жарандын сөөгү Чет-Келтебек суудан табылып туугандарына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом