Балыкчынын мэри жана бир нече өзбекстандык жаран Шереметьево аэропортунда кармалышты

Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Султан Кермалиев жана Өзбекстандын ондогон жарандары Шереметьево аэропортунда кармалышты. Кермалиев Ташкенттен Москвага 10-сентябрдын таңында учуп барган.
Анын айтымында, паспорттук көзөмөл учурунда кошумча текшерүү үчүн деген жүйө менен анын жана Өзбекстандын 40 жаранынын паспортторун алышкан. Андан кийин бардык чет элдиктерди башка залга алып барышып, ар бирин өзүнчө бөлмөдө суракка алышкан. Мындан тышкары, кармалгандардын баарынан телефондорун сыр сөздөрү менен кошо алышкан. Кермалиев телефонун берүүдөн баш тарткан.
Бир нече сааттан кийин сегиз өзбекстандык жаран «Орусия үчүн коркунуч жаратат» деген негиз менен депортацияланган. Аэропортко конгон ар бир каттамдан 20–40тай чет элдиктерди чыгарып турушкан.
Кермалиевдин айтуусунда, ал телефонун берүүдөн баш тартканына карабастан, андан манжа издерин жана шилекейинин үлгүсүн алышкан. Андан кийин баарын сегиз-сегизден бөлүп, бөлмөлөргө жайгаштырышкан. Тамак беришкен эмес, аны өз акчаларына сатып алышкан. Ал жакта Кермалиев бир суткадан ашык убакыт кармалгандан кийин депортацияланган.