Бишкекте окуучу кыз өзүнүн мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү таратканНовосибирск – Бишкек рейсинин жүргүнчүлөрү жардыргыч кабарынан улам чыгарылдыЧүй облусунда үшүк жүрүшү күтүлүүдө: милиция айдоочуларга эскертүү бердиКыргызстан менен Тажикстандын Улуттук банктары төлөм системаларын талкуулаштыBITEVOLUTION: Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген жаран кармалдыКыргыз жаштарынын шайлоо сабаттуулугу боюнча долбоору Германияда кызыгуу жаратты
Бишкекте тыгын азайды деген билдирүүгө ЖКККББ комментарий берди
12.09.2025 | 10:20

Жол кайгуул кызматынын маалыматына караганда, Бишкектеги жолдордогу тыгындар көбүнчө автоунааларды мыйзамсыз токтотуу менен байланыштуу.
ЖКККББ тыгын эвакуаторлор иштеген аймактарда азайганын билдирди. Айрыкча “Аламүдүн”, “Ош” базарларынын жана ири соода түйүндөрдүн алдындагы жол четине коюлган унаалар чоң тоскоолдук жаратат.
Ошол эле учурда кайгуул кызматы шаарда жүрүп жаткан жол оңдоо иштеринен улам айдоочулар убактылуу ыңгайсыздык көрүп жатканын белгилеп, иштер аяктагандан кийин кыймыл кыйла жеңилдээрин айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом