Баңгизат сатууга айыпталып эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык Арменияда кармалды

Армениянын борбору Ереван шаарында эл аралык издөөдө жүргөн 20 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды. Ал синтетикалык психотроптук заттарды сатууну уюштурган деп айыпталууда. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Тергөөдө алынган маалыматтар боюнча, кармалган жаран Каракол шаарынын аймагында баңгизаттарды таратуу үчүн Telegram-канал түзүп, ошондой эле шаардын көчөлөрүнө үгүт жазуулары камтылган жарнактарды жайгаштырган.
ИИМ учурда шектүү Армениянын тергөө абагына киргизилгенин, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.
“Ички иштер министрлиги мындан ары да сот адилеттигинен качкан адамдарды кайда жүрбөсүн аныктоо жана кармоо үчүн эл аралык издөө жана өз ара аракеттенүү механизмдерин жигердүү колдонот”,- деп айтылат маалыматта.