Баңгизаттын таасиринде болгон. Бишкекте аялды сүзүп өлтүргөн айдоочу кармалды
Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери аялды сүзүп өлтүрүүгө шектелген 27 жаштагы эркекти кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
63 жаштагы аялды унаа сүзүп кеткен кырсыктуу окуя 21-октябрда эртең менен Дэн Сяопин менен Сельсовет көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Аял алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Милиция окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну издөөгө алган.
Укук коргоо кызматкерлери көзөмөл камералары аркылуу Geely EV-450 үлгүсүндөгү унааны жана анын 27 жаштагы О. уулу А. аттуу айдоочусун аныкташкан. Медициналык кароонун жыйынтыгында, айдоочу авто кырсык болгон учурда баңгизаттын таасири алдында болгону тастыкталган. Топтолгон материалдардын баары тергөө кызматына өткөрүлүп, айдоочу убактылуу кармоо жайга камалды.