1-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу жерлерде карга айланатКыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдө
Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөт
23.10.2025 | 21:05

Мэрия эртең, 24-октябрда саат 9:00дөн 16:00гө чейин ЦР-1 кызматынын адистери демонтаждоо иштерин жүргүзөрүн билдирди. Ушуга байланыштуу бир катар даректерде ысык суу убактылуу өчүрүлөт.
Ысык суу төмөнкү даректерде болбойт:
- Гоголь көчөсү: №114, 116, 116/1, 116/2, 133 (Медициналык борбор), 179, 191;
- М. Фрунзе көчөсү: №300, 423, 425, 425/4, 429б («Достук» мейманканасы);
- Жумабек көчөсү: №64, 79/1 (бала бакча), 83;
- Семашко көчөсү: №5, 7, 9.
Муниципалдык ишкана шаар тургундарынан түшүнүү менен кабыл алууну өтүнүп, жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом