Чүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталдыБилим берүү министрлиги жана ЮНИСЕФ SMART ED долбоору боюнча билим берүүнү өнүктүрүү планын бекитиштиОштун Жибек-Жолу аймагындагы эски мектептер жаңыланып, маданият үйү жана спорт зал курулатКытай жана Өзбекстан менен түзүлгөн келишимден улам айдоочулар жумушсуз калышы мүмкүнАдылбек Касымалиев Euronews башчысы менен жолугушту — эмнелер талкууландыАктивист «Кыргызнефтегаз» ишинде аты аталган компаниялардын миллиондогон кирешелери тууралуу айтып берди
Банкка келип, жасалма 7 миң долларды алмаштырып кеткен. Шектүү кармалды
19.09.2024 | 15:28
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында жасалма акча алмаштырып, изин жашырып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 2023-жылы ноябрда Кызыл-Кыядагы банктардын бирине белгисиз жаран келип, жасалма 7 миң доллар алмаштырып кеткен.
Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Оштун Ноокат районунун 28 жаштагы тургуну (М.М.) Бишкек шаарынан кармалып, Баткенге алып келинген.
Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.