Барпы айылынын тургуну мандарин, банан жана курманы ийгиликтүү өстүрүүдө

18.12.2025 | 10:14

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында жергиликтүү дыйкан эгер туура мамиле жасалса, аймактын климаты экзотикалык өсүмдүктөрдү өстүрүүгө ылайыктуу экенин далилдеди. Мына эки жылдан бери ал цитрус жана тропикалык өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашырып келет.

Чарбанын негизги жетишкендиктеринин бири мандарин өстүрүү болду. Кыргызстандын климаттык шарттарына мүнөздүү болбогон бул өсүмдүк сыноо үчүн тигилген. Заманбап агротехникалык ыкмаларды колдонуунун аркасында дыйкан дарактарды сактап калып эле тим болбостон, сапаттуу түшүм алууга да жетишти.

Мандаринден тышкары, күнөсканада эки жылдан бери лимон да өстүрүлүүдө. Жыйынтыгы кубандырат: быйыл түшүмдүн көлөмү 800 килограммга жетти. Бул продукция дыйкандын үй-бүлөсүнүн муктаждыгын гана жаппастан, жергиликтүү базарларда ийгиликтүү сатылып, сырттан импорттолгон жемиштерге атаандаштык жаратууда.

Күнөсканадагы өсүмдүктөрдүн түрлөрү цитрус жемиштери менен гана чектелбейт. Бул жерде банан жана курма (финик) да өсөт.

Дыйкан бул ийгиликтер менен токтоп калгысы келбейт. Алдыда күнөскана комплексин кеңейтүү жана тропикалык өсүмдүктөрдүн түрлөрүн көбөйтүү пландары бар.

Адистер белгилегендей, мындай демилгелер аймактын айыл чарбасын өнүктүрүүгө маанилүү роль ойноп, агробизнес үчүн жаңы багыттарды ачат жана калкты жергиликтүү өндүрүштөн чыккан жаңы жана сапаттуу продукция менен камсыздайт.

Scroll to Top